19:47
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Улуттук Илимдер Академиясына жаңы президент шайланды

Бүгүн Улуттук Илимдер Академиясынын жалпы чогулушунда мекеменин президенти шайланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул кызматка сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовдун талапкерлигин сунуштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ал Улуттук Илимдер Академиясынын президенти болуп шайланды.

Жыйынга катышкан Акылбек Жапаров мекемеге илимге кызыккан 45 жашка чейинкилерди тартып, эскирген лабораторияларды оңдоп-түзөп, академиянын 4-5 артыкчылыктуу багытын аныктоо керектигин айткан. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн отуз жылдык мезгилинде илим деген маанилүү тармагыбыз көз жаздымда калып калды. 2021-жылы Илимдер академиясына — 311,5 млн сом, быйыл 479,2 млн сом бөлүндү. Эмдиги жылга 524,4 млн сом карап жатабыз. Ошентсе да эки жылда Президент уюмдун бюджетин 187,5 млн сомго көбөйтүп берди. Эгерде илимий кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу жогору болсо, өлкө жетекчилиги мыйзамда көрсөтүлгөн ИДПга карата 1% каражатты бөлүүгө даяр», — деген Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, экономикага салым кошуучу долбоорлор, стартаптар, илимий изилдөөлөр болсо — өлкө инвестиция кылууга даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар