17:27
USD 87.43
EUR 102.75
RUB 1.17

Баткенде майрамдык иш-чараларды уюштурууга чектөө киргизилди

Баткендин бийлиги майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди.  

 Маалыматтарга караганда, мындай чектөө 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Мындай чечим кабыл алууга сентябрда чек ара окуясында 63 адам каза болуп, 200 дөн ашык киши жаракат алганы себеп болгону белгиленген.

Чектөө жаңы жыл, 8-март аялдардын эл аралык күнү, Нооруз, акыркы коңгуроо, балдарды коргоо күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана башка кесиптик майрамдардын баарына тиешелүү болот.

Эң көп окулган жаңылыктар