04:35
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

УКМК эки депутатты кармап, кайра кое бергени кабарланды

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду түндө кыргыз-казак чек арасынан өткөрбөй, атайын кызматтын өкүлдөрү кармап кеткени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, Жамгырчиев менен Айдарбеков Казакстанга тажияга баратышкан.

Депутат Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, «Ак-Жол-автожол» чек ара бекетинен эл өкүлдөрүн өткөрбөй коюшкан. Анткени, Эмил Жамгырчиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салыныптыр. Сурабалдиева Эмил Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери кармап кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазган.

Көп өтпөй эле эл өкүлдөрү бошотулганы кабарланды. Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков экөө тең парламенттеги «Альянс» фракциясынын мүчөлөрү.  Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча маселеде каршы добушун берген.  Депутаттарга эмне үчүн Кыргызстандан чыгуу тыюу салынганы кабарлана элек.

Эскерте кетсек, 24-ноябрда парламенттин отурумунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрым депутаттарга байланыштуу кылмыш иштери иликтенип жатканын, кээ бир эл өкүлдөрү өтө оор кылмыштарга шектүү боюнча маалыматтар түшүп жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар