Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировго башка иш бөлмөсү бөлүнүп бериле элек. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, сыртка чыгарылган буюмдарын кесиптешинин иш бөлмөсүнө калтырып койгон. Бул маселеден трагедия жасап кереги жок, дейт ал.
Эскерте кетсек, бүгүн парламентте Өмүрбек Бакировдун 7-кабаттагы № 705-иш бөлмөсүнөн чыгарылышы боюнча маселе каралат деп күтүлүүдө. Отурумга Президенттин иш башкаруучусу чакырылган.

