03:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров: Акыйкатчы институту Кыргызстан үчүн абдан маанилүү

Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан бир катар мамлекеттердин акыйкатчылары менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелеринде акыйкатчы институтунун ишинин маанилүүлүгүн жана баалуулугун белгиледи.

«Акыйкатчы институту биз үчүн абдан маанилүү. Жыйырма жыл ичинде бизде алты Акыйкатчы иш алып барды. Учурда анын көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды Париж принциптерине ылайык келтирүү маселеси каралууда», - деди Акылбек Жапаров.

Ал укук коргоо институттарынын өкүлдөрүнүн жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалап, өз өлкөлөрүндө кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо маселесине көңүл буруп, көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

Жолугушуунун катышуучулары меймандостук үчүн ыраазычылык билдиришти жана институттар ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтула тургандыктарын ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар