12:44
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганы маалым болду

Ички иштер министрлиги мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

«Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылган маалыматта.

Расмий кабарда белгиленгендей, Бейшеналиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө алгач $37 миң 500, кийин $62 миң 500 өз ыктыяры менен кайтарып берген. Тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар