02:33
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Чүй облусунда мыйзамсыз 13 түп каражыгач жана 2 терек кыйган жарандар кармалды

2022-жылдын 5-октябрында Чүй облусунун Аламудун районуна караштуу Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагынан мыйзамсыз 13 түп каражыгач жана 2 терек кыйып, жүктөп алып кетип бара жаткан жеринен Т.Ж. жана М.А. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү жеринде акт түзүп, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыянды жалпы суммасы 168 миң 105 сом деп аныкташып, материалдарды колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар