14:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Милиция кызматкери зергер чеберинен 30 миң сомдук алтын шакекти доолаган

Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалыгын кызматкери А.Б.Т.ны пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМинин Ички иликтөө кызматына Г.С. аттуу жаран патрулдук милиция кызматкери А.Б.Т. карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда баасы 30 миң сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган.

А.Б.Т өзүнүн кызматтык абалынан жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды колдонуп, Г.С. жараны зергер буюмдарын жасоонун чебери экендигин билип туруп, аны пара берүүгө аргасыз кылган.

Учурда Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалынын полкунун взвод башчысы А.Б.Т. шектүү катары кармалып Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар