19:47
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүрүүдө

Бишкектин райондорунда төртүнчү топтогу (унаа каражаттары) мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Ала-Тоо аянтында, ошондой эле Батыш автобекетинин аймагында рейд өткөрүштү. 60ка жакын унаа ээлери текшерилип, анын ичинен 6 унаанын ээсине акт түзүлдү.

Свердлов районунда да кыймылдуу мүлккө салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүү иштери күчөтүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 644 унаанын ээлери токтотулуп, текшерүүгө алынды.

Бардыгы болуп 88 текшерүү актысы түзүлдү, анын ичинен унаа салыгы боюнча 79 акт жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын (такси кызматы) көрсөткөн жеке жактардын патенти жок экендиги жөнүндө 9 акт түзүлдү.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.

Унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2022-жылдын 1-сентябрында аяктаганын эске салабыз, андыктан салыктарды мүмкүн болушунча тезирээк төлөөңүздөрдү суранабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар