15:18
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Президенттин куттук сөзүн анын басма сөз кызматы таркатты.

«Жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь — Билим күнү менен куттуктайм. Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне — баарында келечекке жаркын максат коюлуп, үмүт-тилектердин оту жанган башкача сезим-туюмдар жаралат. 1-сентябрь, айрыкча, окуучулардын эсинде кала турган шаңдуу күн. Ошондуктан, бул күнү республиканын бардык окуу жайлары эшигин кенен ачып, майрам ээлерин кучагын жая тосуп алат», — деп айтылат куттук сөздө.

«Кыргызстаныбыздын, эл-жерибиздин жаркын келечеги ар бириңердин жоопкерчилигиңерге жараша болот, — дейт Жапаров сөзүн улантып. Силердин татыктуу тарбия, терең билим алууңар — мамлекеттин келечегине кошкон чоң салымыңар болот. Таалим-тарбиялуу, билимдүү жаштар гана алдына конкреттүү максат коюп, турмуш жолуна ишенимдүү чыйыр салып, коомчулукта татыктуу ордун таба алат. Мен силердин Кыргызстандын келечегин көрө алган, ага ишенген, Ата Журтуна салым кошкон уул-кыздарыбыздан болуп чыгаарыңарга бекем ишенем!

«Максатсыз адам — канатсыз куш» деген накыл кеп сыңары, «турмушта өз ордумду тапсам экен» деген ар бир окуучунун, «тарбия менен билим берген окуучум эл керегине жараса экен» деген ар бир мугалимдин, «балам өз Мекенине ак кызматын арнаса экен» деген ар бир ата-эненин үмүт-тилеги, ой-максаттары орундалсын!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бекем эрк, Мекеним үчүн деген бийик максат, талбаган эмгек каалайм».

Эң көп окулган жаңылыктар