17:04
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Казакстанда билим берүү системасына наркологиялык тесттерди киргизүү сунушталды

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билим берүү системасына психологиялык тесттерди киргизүү маселесин карап көрүүнү сунуштоодо. Мекеме бул билим берүү мекемелеринде маңзат жана башка психотроптун заттардын колдонуу деңгээлин аныктоого багытталганын билдирүүдө.

Жаштар саясаты боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн саламаттык сактоо министри Ажар Гиният акыркы беш жылдын ичинде синтетикалык маңзатка көз каранды жарандардын саны 14 эсеге көбөйгөнүн билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө психикалык салматтыкты коргоо кызматынын бирдиктүү байланыш-борбору пайда болушу керектигин кошумчалады.

Министрлик баңгиликке каршы күрөшүү боюнча алдын алуу чаралардын жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бул иштерге түрдүү кызматтарды, мамлекеттик органдарды жана коомчулуктун өзүн тартуу керек деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда 107 898 кишиге психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен улам «психикалык жүрүм-турумдун бузулушу» диагнозу коюлган. Алардын 6 245ин 18-29 жаштагылар түзсө, 46 пайызына бул диагноз маңзатын жана психотроптун заттардын колдонгону үчүн коюлган.

Мекемеден кошумчалашкандай, Казакстанда синтетикалык деп аталган маңзаттарга көз каранды болуп калган жарандардын өсүү тенденциясы байкалууда. Буга психоактивдүү заттардын кыйла жеткиликтүү экени жана жаштардын ага тартылуусу себеп болууда.

Бүгүнкү күндө Казакстанда сергек жашоого туруктуу көндүмдөрү бар жаштарды калыптандыруу, алардын ден соолугун чыңдоо, анын ичинде жаман адаттардан арылтуу максатында түзүлгөн жаштардын 166 ден соолук борборлору бар.

Эң көп окулган жаңылыктар