19:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Талибан»: Тажикстанды бир жумада басып алууга кудуретибиз жетет

Эгер Душанбе Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир жуманын ичинде басып алышы мүмкүн. Бул тууралуу «Талибан» кыймылынын жогорку даражадагы командирлеринин бири мулла Мохаммад Жан Хамза билдиргенин «Хашт-е собх» ооган гезити жазды.

Маалыматка караганда, талибдердин «Омари» корпусунун командиринин орун басары, «Мулла Жан» деген ысым менен белгилүү мулла Мохаммад Жан Хамза мындай билдирүүнү Тохар провинциясында «Талибан» өкмөтүнүн министрлеринин бири менен жолукканда айткан. Ооганстандын Тохар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет.

Хамза: «Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо жана Душанбенин артында Орусия турбаса, талибдердин бул өлкөнү бир жуманын ичинде басып алууга кудурети жетет» деген.

Расмий Душанбе талиб командиринин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Адатта тажик бийлиги талибдердин бийлигин тааныбагандыктан жана Кабул менен дипломатиялык мамилеси жок болгондуктан, «Талибан» өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө эч кандай реакция кылбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума