Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.
24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 3-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.
Санкциялар
АКШ Россияга каршы санкциялардын тизмесин кеңейтти. Ага Алина Кабаева менен кошо 12 адам киргизилди.
Андан сырткары, Россия тарабынан дайындалган Херсон облусунун учурдагы жетекчиси жана анын орун басары Кирилл Стремоусов.
Бир катар уюмдар киргизилди: «Сколково» фонду, «Сколтех» институту жана магнитогорск темир комбинаты.
Түнкү жардыруулар
Николаев шаарында таңкы 5.00дө жардыруулар болду. Өрт чыгып, соода түйүнү урады. Маалыматты шаардын мэри тактады.
Харьковдо 4.00дө эки жолу жардыруу болду. Биринчиси Холодногорск районунда, экинчиси шаарда. Алдын-ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Түнү Донецк облусунун Макеевка шаарына сокку урулду.
*аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.
Украинанын курал-жарак менен камсызданышы
MLS SHIELD сооттолгон унаалар Украинага келди. Алар Куралдуу күчтөрдүн десант бөлүгүнө жөнөтүлөт.
Президент Владимир Зеленский HIMARS системасынын жеткирилиши боюнча өз оюн билдирди. Анын айтымында, HIMARS — Украина үчүн «адилеттүүлүк» сөзүнүн синоними болуп калды. Зеленский армия күн сайын душмандын жоготууларынын саны көбөйтүүгө аракет жасарын убадалады.
Ал орус армиясынын артиллериясы менен аскерлери басымдуулук кылып жатканын моюнга алып, «бул айрыкча Донбасстагы кармашууда байкалууда» дейт ал.
Кол топтоо уланууда
Украинада 16дан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салууну жокко чыгаруу талабы менен петиция түзүлгөн. Кайрылууга 25 миң киши кол койду. Аны 37 күндүн ичинде президент карап чыгышы керек.
ИИМдин билдирүүсүндө, жыл башынан бери 6,4 миң аскерге жарамдуу жаран чек арадан чыгып кетүүгө аракеттенген учурда кармалган.
Алардын 4 миңи өткөрмө бекеттеринен башка жерлерде, калгандары паспорттук текшерүүнү алдап өтүүгө аракеттенген учурда кармалган.
Украиналыктар үчүн орус жарандыгы
Владимир Путин украиналыктарга Россиянын жарандыгын берүү жол-жобосун жеңилдетүү боюнча буйрукка кол койду. Буга чейин Луганск, Донец, Херсон жана Запорожье аймактарынын тургундары гана орус жарандыгын оңой жол менен ала алышмак.
Эми Украинанын баардык тургундары оңой жол менен орус паспортуна ээ боло алат.
Буудай экспортко даяр
26 миң тонна жүгөрү жүктөлгөн кеме Одесса портунан жөнөп кетти. Владимир Зеленскийдин айтымында, азырынча кандайдыр бир чечим чыгарып, андан аркы окуяларды божомолдоого эрте. Анткен менен порт иштеп, дан азыктарын экспорттоо башталды. Бул дүйнөдөгү азык-түлүк каатчылыгын алдын-алуунун башкы белгиси катары караса болот.
Дан жүктөлгөн дагы 16 кеме кезегин күтүүдө.
Чабуул жана эвакуация
Улуттук полиция Харьков облусундагы Чугуев шаарынын аткылоодон кийинки сүрөттөрүн жарыялады.
Донецк облусунун тургундарынын үчтөн экиси аймактан көчүрүлдү.
Украинанын башкы штабынын маалыматтары:
- Орус аскерлери Харьков жана Славянск аймактарына сокку урууда.
- Донец облусунда орус аскерлери Бахмут аймагына карата күчүн топтоодо.
- Аба-ырайынын бузулушуна байланыштуу орустардын асмандан чабуулу азайды.
Украин элинин биримдиги
Украинанын көпчүлүгү Россия менен чек ара жабылышы керек деп эсептейт. Бул боюнча Киевдеги Социология боюнча эл аралык институт белгилейт.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Украина жарандарынын 79 пайызы Украина менен Россиянын ортосундагы чек арасы виза жана бажы кызматы менен бирге жабылышы керек дешет. Белгилей кетсек, февраль айында бул пикирди украиналыктардын 44 пайызы колдойт болчу.
11 пайызы Украина менен Россия өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, бирок, чек арасы ачык достук мамиледе болушу керек дешет. Мындай пикирди колдогондор Россиянын кол салуусунан кийин 48 пайыздан 35 пайызга түшкөн.
Сурамжылоо катышкандардын бир пайызы гана эки өлкөнүн биригишин колдогон.
Кооптуу
Белгород облусунун чек ара жакын аймактарында бала бакчалар жана окуу жайлары жабылат. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Балдар башка райондордогу бала бакчага барып турушат.

