12:44
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Украинадагы конфликт. 2-августтун негизги жаңылыктары

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу 2-августка карата эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Донбасс тургундарын эвакуациялоо

Донбасста жай тургундарды милдеттүү түрдө эвакуациялоо башталды. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук өзүнүн телеграм каналында алгачкы эвакуациялык поезд шейшемби күнү Кропивницге келгенин жазды.

«Аялдар, балдар, карылар, өзүнчө баса албаган бейтаптар дагы көп. Баарын тосуп алып, жайгаштырдык», — дейт ал.

Украинадагы аскердик аракеттер

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу жыйында Украинадагы «атайын операциянын» жүрүшү боюнча акыркы маалыматтар менен тааныштырды.

Россиянын Коргоо министринин билдирүүсүнөн:

— Акыркы айда 34 украиналык учак атып түшүрүлүп, «Точка-У» комплексинин 39 ракетасы жана 226 снаряд жок кылынды;

— 33 америкалык M777 гаубицасы, кемеге каршы «Харпун» ракеталык комплекстеринин беш учуруучу аппараты, ошондой эле алты «Хаймерс» системасы жана 200дөй ракетасы жок кылынды;

— Акыркы эки жуманын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрү 396 «Жавелин» жана «ЭнЛо» танкка каршы ракеталык комплекстерин, 125 «Стингер» портативдик зениттик-ракеталык комплекстерин жоготту.

Украинадагы кырдаал*:

— Луганск облусунун Константиновка району түнү ракеталык чабуулга кабылды. Калк жашаган райондорго төрт жолу абадан сокку урулду. Орус аскерлери артиллерияны, миномётторду, танктарды колдонушкан. Украинанын Куралдуу күчтөрү орус аскерлеринин жети чабуулунун мизин кайтарды;

— Донецк облусунда Николаев аймагын күчтүү аткылоо болду. Натыйжада олуттуу кыйроолор катталып, жабыркагандар боюнча маалыматтар такталууда.

— Бир сутка ичинде орус аскерлери облустун көптөгөн калктуу конуштарын артиллерия жана миномёт менен аткылашты. Авдеевка, Бахмут жана Красногоровка эң көп жабыр тартты. Жалпысынан үч адам каза болуп, үчөө жаракат алган.

— Николаев облусунун борборунда таңкы саат 4тө күчтүү жарылуулар болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, шаардын райондорунун бири «Смерч», дагы бири — С-300 ракетасы менен атылган. Снаряддардын бири университеттин жатаканасына тийип, натыйжада күзөтчү жаракат алды.

*аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

Россия «Азов» тобун террористтик уюм катары тааныды

Россиянын Жогорку Соту «Азов» батальонун террордук уюмдардын катарына кошту. Ага Россияда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Еленовкага кол салуу

Согуштарды иликтөө боюнча америкалык институтунун(ISW) билдирүүсүндө, орус аскерлери Донецк облусунун Еленовка районундагы абакка кол салууга жооптуу. 28-июлдагы кол салууда 53 украин аскер туткуну каза тапты.

Ал жерде Украина тараптан чабуул болуп, украин куралдуу күчтөрүндө бар HIMARS, же башка курал колдонулгандыгын ырастаган бир да далил жоктугу айтылат.

АКШ менен мамиленин үзүлүшү

Россиянын Тышкы иштер министри эгер АКШ Россияны терроризмдин демөөрчүсү катары тааныса, анда карым-катнашка чекит коюларын билдирди.

«Американын мыйзамчылары Москвага каршы өздөрүнүн айтымында күчтүү «куралды» иштеп чыгууга киришти. Аны менен алар Россияны терроризмдин демөөрчүсү катары көрсөтмөкчү. Мындай демилге эл аралык нормага каршы келет. Бирок ага карабай сенатор менен конгрессмендер Россияны АКШ ойлоп чыгарган дүйнөлүк тартип менен жашоого көндүргүсү келет», — дейт ТИМдин маалымат катчысы Мария Захарова.

Россияда АКШнын мамлекеттик департаменинин сайты жабылганы маалым болду.

Путин менен Эрдоган Украинаны талкуулайт

Россиянын президенти Владимир Путин Түркия лидери Реджеп Тайын Эрдоган менен 5-августта Сочиде жолугушат. Дмитрий Песковдун айтымында, эки тараптуу кызматташтык, Сирия жана Украина маселеси талкууланат.

«Украинанын портторунан данды ташып чыгуу боюнча иштин натыйжалуугу дагы талкууланат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар