16:54
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Сокулукта эки жашар баланын сабаган адам 5 жылга кесилди

Сокулук райондук соту эки жаштагы Егордун сабалышы боюнча айыпталып жаткан Александр Самаркинди 5 жылга эркинен ажыратты.

Чүй облустук сотунан билдиришкендей, Самаркин аталган иш боюнча күнөлүү деп табылып, жалпы режимдеги колонияга камалды.

Буга чейин жабырлануучу тараптын жактоочусу 32 миң 286 сом компенсация, ошондой эле 100 миң сом моралдык компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган. Бирок сот аны кароосуз калтырып, доогер бул маселе боюнча жарандык сот өндүрүшүндө кайрыла аларын түшүндүргөн.

Эске салсак, Сокулук районунда 1 жаш 8 айлык бала сабалган абалда ооруканага түшкөн. Шек менен ата-энесинин иш берүүчүсү — 1987-жылы туулган С.А. кармалган. Баланын ата-энеси анын колунда мал багып иштешчү.

Эң көп окулган жаңылыктар