Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды.
Депутат Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына «мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Анткени бул Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачат. Жарандар баары бир казино ойнойт», — деп жазды.

