13:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мессарош көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

16-июндан баштап Мессарош көчөсү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми айдоочулар жана жарандар туурасы 9 метр болгон дагы бир жаңыланган көчө менен жүрө алышат, ал эми жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 1,5 — 2,5 метр тротуар курулду.

Жол куруу иштери ирригациялык тармактарды жаңылоону эске алуу менен жүргүзүлүп, жолдун эки тарабына ирригация орнотулуп, эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлдү.

Жолдун жалпы узундугу 654 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте оңдоо иштерин жүргүзүүгө тоскоол болгон 14 капиталдык имараттар жана тосмолор бузулду.

Эң көп окулган жаңылыктар