09:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тажикстандан коон ташып келе жаткан унаа кармалды

Тажикстандан коон ташып келе жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, «Кольцо» өткөрмө постунда Кулунду айылынан келе «Опел» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

«Бирок, айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Көрүлгөн чаралардан улам унаа кармалып, айдоочуга административдик протокол түзүлгөн. Унааны кароо учурунда ичинен Тажикстандан мыйзамсыз алынып келинген 250 даана коон чыккан. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа жүгү менен бирге бажы органдарына өткөрүлүп берилген», — дейт УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар