«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Вице-мэрлик кызматка Олег Попиков Владимирович дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Олег Попиков 2013-жылдын июнь айынын тарта вице-мэр болуп иштеген. Кызматынан 2014-жылдын ноябрында кеткен. 2021-жылдын июль айынан тарта шаардык кеңештин депутаты болгон.

