14:15
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Акылбек Жапаров дарылануу үчүн Германияга кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, ал күн сайын тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катыша турганын маалымдады.

Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар