04:10
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Баткенде көк бөрү мелдеши башталды. Жалпы байге фонду 3,5 миллион сом

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, 9-май Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш быйыл Баткенде өтүүдө. 

Мелдеш 2-майда Баткен облусунун Халмион айыл аймагындагы ат майданда башталды. Жыйынтыктоочу оюн 9-майда болот. Мелдешке өлкө боюнча отуздан ашык команда катышууда. Майрамды утурлай улуттук оюндардын 5 түрү боюнча мелдештер жана Салбуурун оюндары да уюштурулат. Жалпы байге фонду үч жарым миллион сом деп айтылды. 

Жеңиштин 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чаралар Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөрүлөт. Ошондой эле Баткенде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобунун «Бакыт издеп сапар тарттым ашып кыр, көрсө бакыт өз айылымда жатыптыр» аттуу кайрымдуулук концерти да өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар