22:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров бүгүн, 29- апрелде, борбордун тургундары менен меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Бүгүн өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарынын күнү. Ордо калаабыздын шаар болуп түзүлгөндүгүнө 144 жыл толуп отурат. Жалпы мекендештеримди Мекенибиздин жүрөгү, элибиздин сыймыктуу шаары болгон Бишкектин түптөлгөн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кезинде «жашыл шаар» деген ат менен атагы алыска кеткен баш калаабызды ошол даңкына жеткирүү максатында өзүңүздөргө белгилүү «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында 40 миңге жакын бак-дарак жана бадал өсүмдүктөрү отургузулду. Мындай иш-чаралар мындан ары да ырааттуу улантыла бермекчи.

Санарип Кыргызстан 2019-2023« санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу алкагында «Акылдуу Бишкек» — «Келечек — 2030» концепцияларынын долбоорлору даярдалгандыгын да кошумчалай кетейин. Ошону менен бирге жалпы билим берүү уюмдарын заманбап, инновациялык жабдуулар менен камсыздоо жана окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу механизмдерин киргизүү аркылуу SMART-мектептердин ишин уюштуруу пландалууда. Мындан сырткары, борбор шаарда 15 мектеп, 1 бала бакча курулуп жатат. Шаарыбызды улай жайгашкан «Алтын-Ордо», «Рухий Мурас», «Мурас-Ордо», «Ак-Бата», «Ак-Ордо», «Ак-Босого», «Көлмө» конуштарында жаңы мектептер салынууда.

Борбор шаарыбыз инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу мындан ары да өркүндөп-өсө беришине, ар бир жарандын камкордугу менен сүйүүсүнө арзый беришине тилектешмин. Баш калаабыздын бардык тургундарына үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалайм. Ар бир шаар тургунунун борбор шаарыбызды гүлдөтүүгө болгон умтулуусу жана ага болгон сүйүүсү өчпөсүн!» – деди Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар