22:47
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Саламаттык сактоо министри Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, айыптоого Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон. «Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура бардык сотторду «коррупционер» деп атаган Алымкадыр Бейшеналиевди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен министрлер кабинетине сунуш киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар