Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан премьер-министринин орун басары — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанатына катышты.
Акылбек Жапаров белгилегендей, Өзбекстан Кыргыз Республикасынын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат.
Анын айтымында, Кызыл-Кыя шаарын Кытай менен чектеш Эркештам өткөрүү пункту менен байланыштырган унаа жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери башталды.
«Ал жерде логистикалык борбор куруу да пландалууда. Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен Кытай ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыгууга даяр. Мындай келечектүү инфраструктуралык долбоорлор ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында министрлер кабинети тарабынан артыкчылыктуу маселе катары каралат. Ошондой эле биз Өзбекстан Республикасына цемент, көмүр, картошка, эт, сүт жана сүт азыктарын жеткирүүнү камсыздоого жана анын көлөмүн жогорулатууга даярбыз», — деп белгиледи ал.
Өз кезегинде Өзбекстан премьер-министринин орун басары — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков эки өлкө лидерлеринин саясий эркине жараша эки тараптуу өз ара аракеттенүү жаңы сапаттуу деңгээлге чыккандыгын белгиледи.
Маалымдама: Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы $50 миллионду түзөт. Келечекте анын капиталы $200 миллионго чейин жогорулатылат. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан.