13:34
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Кыргызстанда 9-майда аскердик парад өтпөйт

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 9-майда аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Иш-чарага согуш жана эмгек ардагерлери, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар