Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, март элдик революция күнүнүн кезектеги жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
«Кыргыз эли — эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк. Ошол улуу көчмөндөрдүн урпактары катары азыркы кыргыз коомчулугу дагы адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин дүйнө элине көрсөтө алды», — деп айтылат кайрылууда.
Президенттин айтымында, 2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп.
«Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан, өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган. Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар — бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды. Кыргызстаныбызда тынчтык, кыргыз коомчулугунда урагыс ынтымак болсун!» — деди Жапаров.

