Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө ал аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.