19:49
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

«Кавак» улуттук компаниясы ачык акционердик коому түзүлдү

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Кавак» Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 миллион сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы" ААКтын уюштуруучусу катары саналат.

Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:

«Кавак» улуттук компаниясы" ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы" ААКты юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;

— баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы" ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.

Эң көп окулган жаңылыктар