19:58
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанда бир жылда 88 өспүрүм өз жанын кыйды

Кыргызстанда 2021-жылы 88 өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 98 суицид катталган.

«2019-жылы 62 өспүрүм жан кыйса, 2020-жылы — 98, 21-88. Жыл башынан бери бир бала өз жанын кыйды. Өз өмүрүнө кол салуу көбүнчө Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда катталган. Оштогу окуя боюнча тергөө жүрүп жатат», — дейт ал.

Февраль айында Ош шаарында 13 жашар бала бешинчи кабаттан бой таштаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар