12:08
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балдарды коргоо күнү. Ош шаарындагы майрамдык салтанаттар

1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир топ маданий иш-чаралар өттү. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Эртең менен «Аяр бала» балдардын ден- соолугун калыбына келтирүү борборунда майрамдык оюн- зоок уюштурулат. Ал жерде балдарды атайын белектер күтөт.

Ал эми «АЛЫМБЕК ДАТКА» этнографиялык борборунда ойлоп табуучу балдардын эмгектеринин көргөзмөсү болот. Андан тышкары, сүрөт көргөзмө жана спорттук таймаш өтөт.

Шаардагы «Келечек» балдар чыгармачыл борбору тарабынан уюштурулган чоң программадагы концерт жана оюн-зооктор дагы «АЛЫМБЕК ДАТКА» борборунда өтөт.

Ал эми «Футбол академиясынын» спорт талаасында балдар менен футбол оюну өкөрүлөт. Түшкө жуук «Дельфин» сууга сүзүү борборундагы иш чарага «Алтын уя», «Лотос» балдар үйүнүн, көрүүсү жана угуусу начар балдар интернатынын тарбиялануучулары катышат.

«Ата-түрк» , «И. Раззаков» атындагы сейил бактары дагы балдарды күтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби