22:54
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 37 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 29-ноябрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 694 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 916 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 879 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 463 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 285 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 112 киши айыгып чыкса, 2 миң 743 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар