19:55
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Бишкекте 4,6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөрү эскертилди

«Түндүкэлектр» ишканасы Бишкекте миңдеген абонентинин жарыгын өчүрөрү тууралуу эскертүү берди. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-ноябрдан тартып дебитордук карызы бар 4600 абоненттин электр жарыгы автоматтык түрдө аралыктан өчүрүлө баштайт.

«Шаар боюнча абоненттердин дебитордук карызынын жалпы суммасы 12,1 миллион сомду түзүүдө», — деп билдирди «Азаттык» радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Жусупова.

Мындай эскертүү ноябрь айында экинчи ирет берилип жатат. Айдын башында карызы бар 6 миң абоненттин электри өчүрүлөрү айтылган.

Кыргызстанда быйылкы кыш электр энергиясынын тартыштыгы шартында башталууда. Бишкекте үч фазалуу эсептегичтерге пломба коюлуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар