Сокулук районунун Маловодный айылынын Молодежный көчөсүндө жайгашкан жыгач устундун үстү темир калай менен жабылган аянты 100 чарчы метр болгон турак үй жана эмеректер толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрт меш жагууда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.