14:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сузакта тамакка уулангандардын саны 100дөн ашты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 106га жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» 13-октябрда райондук жалпы дарыгерлер тажрыйба борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Асадилла Мурсалиев билдирди.

Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Алардын көбүнүн ичи өтүп, кусуп, дене табы көтөрүлгөн.

Учурда ооруканада 16 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө жаш бала, арасында эки кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптар жылкынын этинен ууланышы мүмкүн экенин айтышууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Анда жылкы союлган. Уулануунун себеби лабораториялык жол менен азырынча аныктала элек.

Быйыл марттын башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда адам өмүрүн алган уулануу фактысы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөн. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында каза болгондор метил спиртинен (метанол) ууланганы аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума