Акыркы суткада вируска чалдыккан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, каза болгондор эмдөөдөн өткөн эмес.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 2 миң 622 адам вирустан көз жумду.
Учурда стационарда 442 жана амбулатордук түрдө 672 адам дарыланып жатат.