Бүгүнкү күндө вакцина жетиштүү. Бул жөнүндө брифингдин жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гулбара Ишенапысова айтып өттү.
Анын айтымында, Pfizer 259 миң, Sinopharm 110 миң, AstraZeneca 50 миң данаа вакцина келген.
«Вакциналар баарына жеткиликтүү жана бекер болуп саналат. Июлда массалык эмдөө башталгандан бери ачылган бардык эмдөө борборлорунда жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында 1000ден ашык эмдөө пункттары иштеп жатат», — деп белгиледи Гулбара Ишенапысова.
Октябрь айында дагы Pfizer, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналары келери күтүлүп жатат.