06:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19дун төртүнчү толкуну Кыргызстанда ноябрь-декабрь айларында күтүлөт

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына болушу күтүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, суук түшүнү менен сасык тумоо менен бирге коронавирус дагы күч алат.

«Биз даярбыз. Бардык облустарда стационарлар да, медицина кызматкерлери да даяр. Дары-дармек жана башка керектүү каражат 2-3 айга жетерлик көлөмдө бар. Башкача айтканда, төртүнчү толкундун бардык көрүнүштөрүнө жана коронавирустун жаңы формаларына каршы күрөшүүгө даярбыз», — дейт министр.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар