22:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт

1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8пайызга жогору, же 455 сомду түзөт. Белгилесек, жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110пайызга индексацияланган. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4 миң 785,4 сомду түзгөң.

Эң көп окулган жаңылыктар