5-октябрдан тарта Россия менен Кыргызстан ортосундагы аба каттамдардын саны көбөйөт.
Москва-Ош-Москва каттамы аптасына төрт жолу чат. Санкт-Петербург, Новосибирск шаарларынан Ошко жумасына бир жолу учак учуп турат.
Андан тышкары, аптасына бир жолу Красноярск, Екатеринбург жана Иркутск шаарларынан Ошко аба каттамдар жанданат.
Белгилей кетсек, аталган каттамдарга пандемияга байланыштуу чектөө киргизилген.