08:46
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Азаттыктын» журналисты дүйнөлүк деңгээлдеги стипендияга ээ болду

Журналист Бактыгүл Чыныбаева Internews Earth Journalism Network жана Stanley Center for Peace and Security программасынын климаттын өзгөрүүсүн чагылдырууга байланышкан стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу «Азаттык» кабарлады.

Бактыгүл Чыныбаева дүйнөнүн 20 журналистине берилген бул мүмкүнчүлүктүн алкагында ал Шотландияда ноябрь айында өтө турган БУУнун климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу 26-саммитин чагылдырууга барат.

Мындан тышкары ал Шотландия менен Британиянын айрым басылмаларына англис тилинде Кыргызстандагы экологиялык маселелер тууралуу баяндарды жазып турат. Дүйнөгө белгилүү экологияны чагылдырган журналисттердин мастер-класстарына катышат.

БУУнун саммити 4-14-ноябрда Глазго шаарында өтөт. Бул стипендия үчүн дүйнөдөн 700дөн ашуун журналист ат салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар