01:29
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

COVID-19га Билим берүү жана илим министрлиги алдыда

20-сентябрга карата Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлеринин 90 пайызы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин 82 пайызы, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин 74 пайызы эмделди.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде да жакшы көрсөткүч катталган, анда кызматкерлердин 75,9%ы COVID-19га каршы эмдөө алган.

Инвестициялар министрлигинде вакцина алгандардын саны — 61,8% түзөт, Экономика жана финансы министрлигинде (анын ичинде ведомствого караштуу түзүмдөрдө) 48,5%, Тышкы иштер министрлигинде — 44,8%, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 44%, Улуттук статистикалык комитетинде 45% кызматкер эмдөө алган.

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин 37%ы COVID-19га каршы эмделген, Улуттук банкта — 26%, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде — 25% эмделген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (24%), Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин (21,3%), Эсеп палатасынын (21,4%), Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (19,7%) кызматкерлеринин төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин (8,8%) жана Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин (7%) вакцина алуу көрсөткүчү эң төмөн.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 21-сентябрына карата COVID-19га каршы 1,3 миллиондон ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен 774 миңден ашуун адам эмделген, 571 миңден ашык адам экинчи доза менен эмделген.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби