Ошто шаарынын Манас-Ата аймактык башкармалыгында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү ага-ининин ортосунда талаш чыгып, улуусу кичүүсүнө бычак сайган. Ал ошол жерде каза тапкан.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.