Бишкектеги бала-бакчалар 20-сентябрда ачылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, ата-энелер бала бакчанын аймагына киргизилбейт. Андан тышкары, сасык тумоонун белгилери бар балдар кабыл алынбайт.
Бишкек мэриясы ата-энелерден санитардык талаптарды катуу сактоону суранат.
Белгилей кетсек, коронавирустук инфекцияга байланыштуу бала бакчалар ишин токтоткон.