10:28
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Курсан Асанов кармалганы тууралуу маалымдалды

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов «башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн» деген шек менен кармалганын 14-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Асанов Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» деген 309-беренесинин негизинде баштаган сотко чейинки териштирүү алкагында шектүү катары кармалганы маалымдалды.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Асанов ИИМге суракка «интернетте тарап жаткан фейк маалыматка» байланыштуу күбө катары чакырылып, сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалганын «Азаттыкка» билдирди:

«Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн «Фейсбукта» жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту».

Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат.

Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Быйыл январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар