21:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Коронавирус менен грипптин айырмасы

№ 1 Шаардык клиникалык оорукананын эпидемиолог-дарыгери Айжаркын Эгембердиева COVID-19 менен грипптин козгогучтарынын ортосунда кандай айырмасын атады.

— COVID-19 дун инкубация мезгили 1ден 14 күнгө чейин узарылышы мүмкүн чейин, сасык тумоонуку бир нече сааттан 3 күнгө чейин кыскалыгы менен мүнөздөлөт;

— Грипп менен ооруган адамдын жалпы абалы көбүнчө 7-8 күндүн ичинде жакшырып кетиши мүмкүн, ал эми 7-8-күндөрдө коронавирустук инфекция менен ооруган онокот оорулары бар адамдардын белгилүү бир пайызы, эгер туура дарылабаса, кийинки этапка өтүшү мүмкүн — бул дем алуу жетишсиздигинин башталышына алып келет;

— Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүчү органдарга таасир берип ич өткөккө алып келиши мүмкүн, бирок бул сасык тумоодо чоң кишилерде сейрек кездешет;

— Мезгилдүүлүк: Сасык тумоо күзгү-кышкы мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт, ал эми мезгилдүүлүк COVID-19 үчүн анча маанилүү эмес.

— Сасык тумоого чалдыгуу тобокелчилиги бар бейтаптар — балдар, кош бойлуу аялдар, карылар, негизги оорулары бар адамдар жана иммундук жетишсиздикке чалдыккан адамдар. COVID 19 учурда, катуу оорунун коркунуч факторлору карылык жана өнөкөт оорулардын болушу.

— COVID 19 өлүм гриппке караганда жогору — өлүмдүн деңгээли 3-4%. Сезондук тумоодон өлүм көрсөткүчү адатта 0,1%га чейин.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума