06:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге артыкчылык даражасы ыйгарылды

Садыр Жапаровдун буйругу менен мамлекеттик ишмерлер — Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак Шумкар» ордени ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик ишмерлерге Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө жана элге өтөгөн кызматы үчүн жогорку даражадагы сыйлыктар ыйгарылды.

Жусуп Абдрахмановдун быйыл 120 жылдыгы белгиленүүдө. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдрахманов 1938-жылы репрессияга учураган. Анын күндөлүгүн басып чыгарууну президенттик аппарат колго алганы буга чейин кабарланган.

Сүйүмбаев Токтогул ГЭСин курууда, Ош облусундагы бир катар өнөр жайларды ачууга өбөлгө болгон мамлекеттик, партиялык ишмер. 1920-жылы төрөлүп, 1993-жылы каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума