20:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров Владислав Шуликону дүйнөлүк рекорд коюшу менен куттуктады

Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусунда иш сапары менен жүрүп, алты күндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүп дүйнөлүк рекорд коюшу менен кыргызстандык суучул Владислав Шуликону телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда куттуктады.

Мамлекет башчысы Владислав Шулико 181 чакырым узундуктагы Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, болуп көрбөгөндөй эрдик жасаганын белгиледи.

«Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен дагы алты күн бою созулган көлдө сүзүүңүздү сарсанаа болуп карап аттык. Сиз койгон рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыңыз. Сизге чейин мындай сүзүүнү эч ким жасаган эмес. Сиздин чеберчилик, өжөрлүк жана Мекениңиз — Кыргыз Республикасын таанытууга болгон эркиңиз коюлган максатка жетүүгө жардам берди», — деп белгиледи президент сүйлөшүү учурунда.

Эң көп окулган жаңылыктар