20:56
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Урмат Самаев Токмоктун мэри болду

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш бергенин «Азаттык» радиосуна 26-августта Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы шаардык кеңештин «Эмгек» партиясынан депутат Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды. Буга депутаттар чогулбай, кворум жок болуп жатканы себеп болду.

Эң көп окулган жаңылыктар