21:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Президенттин иш башкармалыгына 60 миллион сомго жолтандабастын кереги барбы?

Президенттин иш башкармалыгына 60 миллион сомго жолтандабас сатып алууга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө берилди.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, бул унааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатылып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.

Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин макамын жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды.

Буга чейин президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, облустарда акимдерди масштабдуу ротациялоо иши жүргүзүлгөн.

Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар