17:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда

Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Бул тууралуу президент администрациясы тарабынан БУУнун калк фондунун (ЮНФПА) жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен уюштурулган жана тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган Концепциянын долбоорун аягына чыгаруу боюнча өткөрүлгөн көчмө жумушчу жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жумушчу топтун мүчөлөрү учурдагы демографиялык абалды жана калктын санынын өсүшүнүн божомолдуу көрсөткүчтөрүн талкуулашып, ошондой эле Кыргызстандагы демографиялык саясаттын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Президент администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Аскат Беков демография экономика, билим берүү, саламаттык сактоо (репродуктивдүү ден соолук, үй-бүлөнү пландоо), жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар